чардай2

китептерде 11 жолу, 4 китепте чардай 1 →
  1. Чандыйып көбүү, дардайып чоң көрүнүү (көбүнчө курсагы жөнүндө).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Пейилиңди салып кулак сал, / Сага айтаар кебим бар, / Баш болдум деп барбайып, / Чаначтай көөп чандайып, / Кардыңды сылап чардайып, / Калбагының дардайып, / Эрте туруп, кеч жатып, / Акыл ойлоп, эс тапкын, / Кара жаның жыргатпай, / Калың элди тең баккын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жер кубалап, сай санап, / Урук кууп куда таап, / Жык айрылат алжайып, / Кызыл чеке чабышып, / Азамат өлөт дардайып, / Бузуктардын күнү тууйт, / Мурду көөп барбайып, / Ар кимиси өзүнчө, / Керилип басат чардайып, / Хандуу элде караан бар, / Чогуу турат калдайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…енен эл алып, / Кенененим менен Бактыбай- / Эки шерди тең албай, / Элин алып, эрди алып, / Ээлеп турган жерди алып, / Беттешер бенде калган жок, / Жатмак болду чардайып, / Алоокенин ордуна, / Нарынга жакшы шар салып, / Соода кылмак батышка, / Жибек менен чай алып, / Колун сунуп чыгышка, / Жалгыз өзү баш болду, / Баспай туруп д… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Анжу, манжу, калмактар, / Заң кошулуп кытайлар, / Баарысын калган башкарып, / Ошол күнү Коңурбай, / Тактада жаткан чардайып, / Эсен хан деген хан бар, / Эсен хан жаткан козголбой, / Кантон деген шаары бар, / Белгилүү сырткы адамга, / Беш Бейжин деген наамы бар, / Карылып менен Банус… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Көтөрбөс минген атым, деп, / Керктен бирди тапкын, деп, / Керкти минип далдайып, / Кара тоодой калдайып, / Чаначтай көөп дардайып, / Таноолору барбайып, / Бүткөн бойу далдалап, / Курсагы чыгып чардайып, / Кетүүчүдөй талкалап, / Жетип келди чалкалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →