чарбак

китептерде 5 жолу, 2 китепте
  1. Короо-жайды ж.б. айландыра курчаган дубал, тосмо.
  2. Бак-дарак, короо-жайдын жалпы аты.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Желкелетип бээ байлап, / Козуну сойуп, жал чайнап, / Ооганда жүгүң оңдотуп, / Чарбактуу тамдан күттүңбү? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сыздаган экен туйагым, / Кетилген экен канатым, / Кемиген экен санатым, / Мурдарчылык кылышын, / Мурдатан эле адатың, / Качкан экен арбагым, / Бузулган экен чарбагым, / “Куш качырган көк карайт, / Көрүнгөн талга көп карайт; / Ат айаган жер карайт, / Ажааттан адам чыгарбайт” / Сураган болсо атайын, / Көгала атты тартайын, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кетилди бүгүн туйагым, / Кетип турат сыйагым, / Бузулуп калды чарбагым, / Баштакыдан бул кезде, / Бастап турат арбагым! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Манас өлдү сүйүндүң, / Кейибедиң балам деп, / Эки арамың ээрчитип, / Эми келдиң чабам деп, / Мал айдадың чарбакка, / Баарыңды койдум арбакка, / Бирөөң экөө болбой кал, / Бир конушка конбой кал,. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Тамырын кыйса теректин, / Чарбактап башы өнөбү? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →