чарба

китептерде 12 жолу, 5 китепте
  1. Белгилүү бир коомдун өндүрүш мамилелеринин жыйындысы, өндүрүш жолу.
  2. Өндүрүш, экономика, өндүрүш үчүн бардык керектелүүчү нерселердин жыйындысы.
  3. Кандайдыр бир өндүрүштүн жабдуулары, шаймандары, мүлктөрү жана курулуш жайлары ж.б. жалпы жыйындысы.
  4. Үй тиричилигине байланыштуу иштер, оокат-тиричилик.
  5. Мал багуучулук, мал өстүрүүчүлүк.
  6. Мал багып, мал өстүрүүчү.
  7. Мал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чаңбейсендин чыгышы, / Деңиздин бойун жердеген, / Чарба баккан эл экен, / Мурунку жүргөн кишилер, / Качкын кыргыз дээр экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…у кыргыз бул кезде, / Кылгылыкты кылам, дейт, / Кылычтан бирден өткөзүп, / Бир кумардан чыгам, — дейт, / Каратып туруп көзүнө, / Хан тагын жерге урам, -дейт, / Чарбасын айдап адырдан, / Чарбагын тартып жулам, — дейт, / Каңгайга чейин барам, — дейт, / Калтырбай элди чабам, — дейт, / Түгөнгүс арман муң кылып, / Тумтак түндү сала… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Адырга батпай төр-төрдө, / Ар жерде жатат чарбайың, / Эчтемеңиз кем эмес, / Алдыңда минген бар тагың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Канкордун эле ардагы, / Артык эле арбагы, / Кыргыздын эле чарбагы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Анын бир максаты: алдынан кезиккенин атуу, кан төгүү, кыруу, мал мүлкүн талоо, чарбаны бүлдүрүү... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →