чарайна1
- Калың булгаарыдан, кээде металлдан жасалган, денеге кынапталган соот.
- Согушка чыкканда төшүнө тартып кийүүчү такта, темир.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…акөк, / Алгыр бүркүт түрдөнүп, / Найзасынын учунан, / Жалындаган от күйүп, / Табарсыктын башы деп, / Калмак ээр кашы деп, / Найза менен сайганы, / Мөшкөй болот чарайна, / Өтпөй найза тайганы, / Найза каңгып так этип, / Ташка сайган немедей, / Кайта жанды чак этип, / Ээрден көчүк кыйшайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Калкандан кызыл от жанып, / Жайнап жерде чок калып, / Чарайнага найзанын, / Учу тийип такылдап, / Байкап көрсө коросон, / Таланага кез болуп, / Келгендей өлүм жакындап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Көөдөндө соот, чарайна, / Такылдайт үнү тайганда, / Башыңда темир туулга, / Чак дегени угулат, / Балта менен салганда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…алып, / Кылыч менен найза лып, / Сом темирин дагы алып, / Эн темир менен канжарды, / Унутуп калбай аны алып, / Колунсакка ок салып, / Мүрүгө илип жааны алып, / Чарайнасын тартынып, / Калканы жонго артылып, / Кисепче менен калдыркан, / Тизеден ылдый салаңдап, / Жети кабат күрөөкө, / Кийгени темир көмөрүп, / Тогуз кабат туулганы, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Чарайнанын чети — деп, / Буга окшогон калмактын, / Өлөр жери ушу” — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →