чапчаң

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Шамдагай, тез, ылдам (кыймыл-аракет жөнүндө).
  2. Тез кызууланып кете турган, кыялы чукул, кызуу кандуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ — Чапчаңдата бастырып, / Кийликпей жолго салалык, / Коромжудан кегиңди, / Алып берет балаңыз, / Карындашың Тынымкан, / Эми тапкан олжону, / Калыңына алыңыз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Көзү кандай болсо, сөзү да, кыймылы да ошондой чапчаң, жеңил, бир мүнөт тынчтык таппаган адам сыяктуу. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →