чапталуу

китептерде 6 жолу, 5 китепте
  1. Чаптап бекитилген, чапталган.
  2. Жабыштыруу, жабыштырылган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…башына, / Кисепче бар тизеде, / Кандагай шымы кийилүү, / Кара темир калдыркан, / Үзөңгүдө илилүү, / Асылдын аты Майтору, / Кара бойу капталуу, / Кандагай менен чапталуу, / Тулку бойу күймөлүү, / Туйагынан башкасы / Баары күмүш түймөлүү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сары арпаны түктөткөн, / Балтыр атка жүктөткөн, / Казатка минчү аттары, / Кара бойу чапталуу, / Кандагайга капталуу; / Тулку бойу күймөлүү, / Туйагынан башкасы, / Баары күмүш күймөлүү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кандагай менен чапталуу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кара бойу капталуу, / Олпок менен чапталуу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Сырты чапталуу экен. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →