чапта
- Бүтөө, бекитүү, бүтөп таштоо.
- Жабыштыруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ортосунда Бекбача, / Сарала атчан, сары сакал, / Кара бойун чаптаган, / Карк алтынга каптаган: / Оң жагында бирөө бар, / Темир көк жалдуу ат минген, / Көпкөк темир кийинген, / Өңгө жандан бойу узун, / Көргөн адам өлгүндөй, / Ким…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эп келер эле чаптаса, / Эркин атам бай жакка, / Көкөйдөн угуп бул кепти, / Түшүнбөй силер калдыңар, / Мен боломун чоң капа!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кайран Агыш талыбай, / Каршы алдына келгенин, / Кара жерге чаптатып, / Бир кезде калды бет маңдай, / Күнжаңжүнгө капташып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ичине темир чаптаган, / Тышкы бети баары түк, / Парбар тери каптаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Душмандан кастык болот, деп, / Кандагай менен каптады, / Кара бойум чаптады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →