чапкын
- Башка элге, урууга ж.б. кол салып чаап алуучулук, кыргын салышкан чабыш.
- Чаба жааган жамгырлуу же кардуу бороон.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ — Жүр, Каратил, баскын, — деп, / Мен уктум кебиң айттың, — деп, / Атыңды бура тарткын, — деп, / Илгерилей чапкын, — деп, / Коктукаттын коргонун, / Темир капка ачкын, — деп, / Батай, Катай качпасын, / Менин кебим айткын, — деп, / Айтканды кулдар угабы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…/ Чуркурашып, кужулдап, / Кара курттай кыжылдап, / Тегеректеп киргенде, / Дабытай турат бакырып: / — Торчуң торуң таштагын, / Найза сайар качпагын, / Чокморлуу чапкын чокуга, / Мергендин баары чогулуп, / Чыгып тургун чет жакка, / Арамзада Кененим, / Жылыштап чыкса чет жакка, / Жыдыманды житирип, / Чечекейге аткыла!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жете келип Алмамбет, / Агышты атка мингизип, / Айалдай чапкын, баатыр деп, / Адамга керек акыл деп, / Атынын башын бурганы, / Салдырбай боолук мойнуна, / Урушуп айкөл турганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Эти жадоо кагалес, / Бала баатыр бакырып, / Манастап ураан чакырып, / Эти ачынган жаш арстан, / Мурун чокмор чаптырып, / Булгап алган чокморун, / Болжоп Татан чапкынча, / Кар жиликтин булчуңга, / Найзаны салды мылгыта, / Таначардай булчуң эт, / Бөлүнүп кетти бир канча.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Эң алдына сен баргын, / Мурдун шылый чапкының.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →