чапкыла

китептерде 60 жолу, 9 китепте
  1. Шашылуу, ары-бери чаап, шашылган абалда болуу, тез жүрүү.
  2. Кайра-кайра уруу, чабуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айтумуш, Чынгыш чапкылап, / Коржоңдотуп төө айдап, / Төөгө кошуп доңузун, / Коркулдатып жөө айдап, / Келип турду алдына, / Башын салып кол байлап, / Алып келген тартуусун, / Жалмады койбой баарысын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бүткөн бойун күбүнүп, / Сакал-мурут сыланып, / Он беш жашар баладай, / Чапкылап барат бууланып, / Кирип барды айылга, / Эл жатар кезде дууланып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…алдалаңдап калдастап, / Апкаарый сүйлөп алдастап, / Өзүнүн бойун жыйнабай, / Эки буту салбактап, / Этеги кетип балбактап, / Таноосу көөп барбактап, / Ат өлтүрө чапкылап, / Кара тер басып дардактап, / Чойтолоңго чокчоңдоп, / Картыке жетип барыптыр: / — Бирге жүрүп, бирге өскөн / Барасың кайда Чоке? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Ит болуп үрөт арсылдап, / Каткырып кетет карсыладп, / Оозунан көбүк куйулуп, / Буура болот шалкылдап, / Жүрүп кетет жылаңач, / Эки санын чапкылап, / “Ит абдалдан коркот”, деп, / Кеткени жок ит талап, / Ар кайсы үйдүн алдына, / Келип калат аш сурап, / “Ай, Айчүрөк, Айчүрөк, / Ой, Каныкей, Каныкей,” / Деге… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Не кыларын биле албай, / Казып жерге кире албай, / Басып элге бара албай, / Же чапкылап элин жыйа албай, / Кайрат кылып Сары хан, / Качырып кирди тура албай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →