чапанчан
- Чапаны бар, чапан кийген.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…/ Бу куу туйак жаш чырпык, / Жер кучактап жатат, — деп, / Куурап калган Кенжектин, / Тилеги таштай катат” деп, / Жаш баланын жолуна, / Түшө калып Айчүрөк, / Ак чапанчан, ак атчан, / Боло калды бир адам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Туулга кийбей малакай, / Күрөөкө кийбей чапанчан, / Сур ат минген эр келет, / Жүрүшүн байкап караса.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →