чантуу

китептерде 7 жолу
  1. Эпостордо: селдечен, селде оронуучу; мусулман.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чантууга койо бергенче, / Чаап салып өзүңдү, / Тазалайын көзүңдү,- / Муну айтып хан атам, / Туруп кетти ордунан, / Бир убакта карасам, / Тура калып ордунан, / Чойундан куйган чоң сүрөт, / Чокунгун, деп күпүлдөйт, / Чокунбасаң сен буга, / Көз көргүс жерге сени мен, / Жоготом, деп дүпүлдөйт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…и болбо, деп, / Кара аскер менен калың журт, / Көзүн жаштап кай бирөө, / Аткаралы жарлыкты, / Асылганы көпүрө, / Ачууланган нечени, / Айтты мындай көрүнөө: / — Чантуу келсе шаар алат, / Ага кошуп мал алат, / Тартуу берсе жан калат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кошулсаң Коңур акылга, / Бул сапар келген Чантууга, / Алтын берип, зар берип, / Айдатып арбын мал берип, / Кытайдан сулуу кыз берип, / Кылымдан ашкан уз берип, / Эл кырылтып кан кечпей, / Көр дүйнө үчүн жан кет… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…елишкен мында төрт туйак, / Бекер куйрук–жал эмес, / Бул бейжиндиктин малы эмес,- / Анда Алмамбет кеп айтат, / Ар тарабын бекемдеп, / Амал менен деп айтат: / — Чантуу Манас келди деп, / Эсенхан кабар алыптыр, / Макилге киши барыптыр, / Манастын даңкын бек угуп, / Макилден кетти деп угуп, / Чантуудан олжо алганы, / Мен дагы ч… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →