чандыр1

китептерде 4 жолу, 3 китепте чандыр 2 →
  1. Ичтин санга жакын төмөнкү бөлүгү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ — Өңшөйбөй басчы кайкалап, / Көп чалдардын көзүнчө, / Чандырбастан чалкалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көрүп турган элдерге, / Гүлчоро менен Калыбек, / Эрендиги таанылып, / Акылдан кетип тай кылбай, / Бир-бирине сайдырбай, / Адистик кылып Гүлчоро, / Калыбекке чандырбай, / Кабуусуна келтирип, / Канча сайса Гүлчоро, / Калыбек андан кайгырбай, / Оң-тескери сайышып, / Ороолонуп чабышып, / Үч күн, үч түн болгондо, / Найза кармап с… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…кабар болгунча, / Жер айдатып шорго сал, / Козубек, Жоодар агалар, / Чыгыш жакка азыр бар, / Чычканга кебек алдырбай, / Жоокерлигиң билгизгин, / Душманга сырың чандырбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Мага келе жаткан аяк кап-ортосунан эле, колума тийгенде карасак чандырына чыга түштү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →