чандай1
- Курсагы бөтөнчө чоң көрүнүштө, көбүңкү көрүнүштө болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Пейилиңди салып кулак сал, / Сага айтаар кебим бар, / Баш болдум деп барбайып, / Чаначтай көөп чандайып, / Кардыңды сылап чардайып, / Калбагының дардайып, / Эрте туруп, кеч жатып, / Акыл ойлоп, эс тапкын, / Кара жаның жыргатпай, / Калың элди тең баккын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…енип жанын айабай, / Белдемчи кыйа байланып, / Колуна күрзү карманып, / Карчылашты Татыбек, / Карчыгадай шаңданып, / Чарадай жерлер казылып, / Топурак учуп-жер чаңдайт, / Каңгай, алаш сап байлап, / Карап турат калдайып, / Койуп өттү Татыбек, / Адырайды бир сайып, / Кудай урган Адырай, / Кылчайып артын карады, / Салмоор таштай…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жедигерди боздотуп, / Малы тургай кишисин, / Тирүүлөй тытып жеп болуп, / Шоркөлдүн аты ит ичпес, / Тапан хан жаткан мар болуп, / Кырктан жашың ашканда, / Азгырдың келип кыз болуп, / Куткарса сени Тапан хан, / Эс-акылың жыйганда,- / Өзүн жейсиң тап койуп, / Беш күндө бирден киши жеп, / Чандайасың кап болуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…ачырып кирди жултуңдап, / Эки ууртунан куйулуп, / Шилекейи буртулдап, / Бастек бойлуу неме экен, / Жер кодолдой култулдап, / Мурду көөп барпайып, / Тай букадай чандайып, / Жаалысы чыгып жүзүнө, / Жан алчудай каарданып, / Куу чаар болуп беттери, / Так кирпинин жүнүндөй, / Жаагындагы жүндөрү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кайраттанып ошондо, / Кайран балбан хан Кошой, / Ороңгуну чандайтып, / Чалкасынан салганда, / Башка тээп тургузбай, / Аттап кетип калганда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →