чанач

китептерде 49 жолу, 9 китепте
  1. Кымыз, айран сыяктуу суюктуктарды куюп алып жүрүү үчүн колдонулуучу эчкинин туюк союлган терисинен жасалган идиш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Арам кыйал кара ниет, / Байлоодогу Бактыбай, / Башын кесип алам, деп, / Чаначтай көөп дардаңдап, / Таноосу батпай барбаңдап, / Манжу Бодоң баратат, / Мен кесейин башын, деп, / Жедигердин Кара көз, / Бир жагынан келе атат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Камдап койгон Каныкей, / Керектүүсүн бүт алып, / Кансыраган экен, деп, / Чаначка куйуп артынып, / Жылаңач уйдан сүт алып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чаначтай көөп дардайып, / Элге батпай эр Чанак, / Жер кучактап жатканбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Көтөрбөс минген атым, деп, / Керктен бирди тапкын, деп, / Керкти минип далдайып, / Кара тоодой калдайып, / Чаначтай көөп дардайып, / Таноолору барбайып, / Бүткөн бойу далдалап, / Курсагы чыгып чардайып, / Кетүүчүдөй талкалап, / Жетип келди чалкалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Чаначтын түбүндө бөлтөйгөн бирдеме жүрөт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →