чанак

китептерде 34 жолу, 6 китепте
  1. Көздүн чарасы.
  2. Өсүмдүктүн буласын каптап турган кутуча, кабыкча.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Сагагын илип бекитип, / Баса минип сур атка, / Белин тартып мекийип, / Чанагынан чыкчудай, / Ирмебей көзү чекийип: / “Каалгадай белестен, / Карап турсам калдайып, / Туу белде турсам далдайып, / Баспаган атка шылтоолоп, / Күдүңдөп жүрө бербе… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Манастын атын укканда, / Тиктеди капыр акыйып, / Чанагынан чыкчуудай, / Эки көзү чакыйып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Азаматтын баарысын, / Араба менен чанага, / Жумушкер кылып бүт алды! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кызталак кыргыздын, / Кылбаганы калбады, / Сен кеткен соң куу чөлдө / Эр Тартакты жалмады, / Амалым кетип мен качтым, / Акылыман чын шаштым, / Мээ кайнаган күндөрдө, / Көзгө сайса көрүнгүс, / Ай караңгы түндөрдө, / Адам баспас жол бастым, / Эми Сейит жетээрде, / Зор Чанакка жанаштым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Сырганактагандын адиси мындай болот: ары жаткан чөптү колтырмоочтоп, көтөрүп келет да чыңк ылдыйга келгенде чанага отуруп муз тепкен балдардай бийиктин башынан чөмөбү менен өзүн коё берет. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →