чана1

китептерде 18 жолу, 8 китепте чана 2 →
  1. Кардын же муздун үстү менен жылгаяктатып сүйрөп жүрө турган жалпак тамандуу жүк ташуучу же киши түшүп алуучу унаа каражаты жана ушунун балдар ойной турган кичирээги.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Балтыр эти баладай, / Көкүрөктүн кеңдиги, / Тай чабуучу талаадай, / Ай балкайы жиктенип, / Чөп ташуучу чанадай, / Алдыңкы ээрди түйрөйүп, / Ат мине албай нар минип, / Буту жерге сүйрөлүп, / Үстүнкү ээрди калбайып, / Дал ортосу далдайып, / Көзү экөө болбосо, / Макил дөө келип калгансып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Колу бош кыргыз калган жок, / Кайаша айтар дарман жок, / Араба тартып, чана айдап, / Андан башка айла жок, / Кирейин десе жер катуу, / Өлөйүн десе жан таттуу, / Өздөрү кыйып өз жанын, / Такыр өлөр арга жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жол тосуп турган жеринен, / Мен бармын Сейит, качпа, деп, / Чыга калды чанаңдап, / Жылаңач уйдун тай торпок, / Букачардай танаңдап, / Эки эмчегин карасаң, / Дарбыздай бар салаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Нечен бир карлуу бороон, калайман түндөрдө почто келип калып, жылуу төшөктөрүнөн атып туруп, уйкулуу көздөрү менен чананын (почтонун) алдына чолокторун кошуп алып, жөнөгөн күндөрүн сураба... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Токойго барсаңар бугуга чана сүйрөткөн эки бала көрүнөт, силер койнуңардагы бугунун терисинин өңүн көрсөткүлө. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →