чамгарак

китептерде 10 жолу, 5 китепте
  1. Түндүккө каршы-терши сайылуучу, ийилип жасалган ичкерээк, узун жалпак жыгачтар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жабык баш, туштук, чырмак чий, / Жуп секичек көшөгө, / Үйдүн ичи бөлөкчө, / Көз уйалып жаркылдайт, / Тегеретип көргөнгө, / Атактакы үйлөрдүн, / Желбоосу жез чынжырдан, / Чамгарагы жылт карай, / Үй санаты бир далай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Түндүгүн түрпү тептирген, / Керегесин керттирген, / Айабастан жасатып, / Абдан мыктап келтирген, / Чамгарагы жылткалай, / Заңгыраган чоң сарай, / Санжыргасы бир далай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Арстандын көзү жогунда, / Чамгарагы чылк калай, / Санжыргасы бир далай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Кээде дөңгө чыгып алып биздин жаман алачыкты эрмектеп чамгарактан таш ыргытчу. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Анда баягы кемпир: "Сен үйдүн үстүндөгү чамгаракка чыгып, эки жакты карап жат", – деп кыздардын улуусун ал жакка жиберет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →