чамбыл
- Бозомук, боз чамбыл, ылай чачырагандай түс, ботала, киргил.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каскактын учун кан кылып, / Калмактын башын маң кылып, / Чамбыл ала чаң кылып, / Заманасын тар кылып, / Кырып кетип баратат, / Кыйырын бузбай кыйратып, / Кабыргасын каркайтып, / Тоногон төөдөй тартайтып, / Талаага чыгып топ…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ыкпай, / Кылычты шилтеп Кененим, / Кырып жүрөт талыкпай, / Жердин бети чыпылдап, / Жуурулуп топо былчылдап, / Албарс менен кайсалап, / Абыдан кырып талкалап, / Чамбыл ала чаң кылып, / Кызыл ала кан кылып, / Арасын ачып коо кылып, / Чыдай албай коросон, / Чогуу турбай суйулуп, / Чаң созулта качканын, / Найзага илип ыргытып, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Элейип тура калганы, / Аңгычакты ал жерге, / Бозжорго баштап тулпарлар, / Боз-ала чамбыл чаң болуп, / Боз топурак жуурулуп, / Чиркегендей чубуруп, / Көктекенин аркырап, / Үнү келет угулуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чоң атам аты Бадыкүл, / Өлтүрүптүр Манасың, / Атамдын аты Мадыкүл, / Семетейден өлүптүр, / Ата мурас купумду, / Үч тарапка бөлүптүр – / Кара калпак, түркмөндү, / Чамбыл белге ээ кылып, / Шаңкай менен бараңды, / Башы ачык эл кылып, / Калча, тажик, жүржүткө, / Бадакшанды жер кылып!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Калдуубет качып жоголду, / Эркиме менин жол койду, / Калдуубет шаары Чамбыл бел, / Тагына түркмөн ээ болду, / Түбү бизге жээн экен, / Эл талашкан Тынымкан, / Мага жубай тең болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →