чамасы
- Болжолу, сыягы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чамасы кетип, так чарчап, / Чакчелекей ал Көкөй, / Баласынын сандыгын, / Барып ачып карады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Каныкей басып барганда, / Доошун угуп эр Манас, / Чамасы келе албады, / Мойнун буруп карарга, / Айландыра бир карап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Таласка барсам мен мындан, / Ойлоп калар бекен дейм, / Таласка келген турбайбы, / Менден коркуп маанектеп, / Кол түшкөн жерге баралы, / Бир түн мейман болушуп, / Эртең жөнөп калалы, / Канча күндүк жол келер, / Мен билбеймин чамасы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Керк деген минген мал экен, / Тулку бойу күч туруп, / Чамасы чак жан экен, / Баскандан башка амал жок, / Жүгүрө албас ал экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Байболот кырк чамасында, куйтуйган гана бекенек, чымыр киши.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →