чамалуу
- Кандайдыр бир өлчөмгө, санга жакыныраак, болжол менен алганда кандайдыр бир өлчөмдө, санда.
- Анчалык эмес, орточо, көп эмес.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тиреги булар чамалуу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бүгүлбөй колу шалк этип, / Төрт айагы сур аттын, / Кара жерге тең жетип, / Кутулуп Гүлүс эр кетип, / Кызыл алп колу жаралуу, / Бойу тоодой чамалуу, / Арстандын уулу чунагың, / Тайбуурул менен чуратып, / Кездемдин боосун чубалтып, / Кезгерип найза чунайтып, / Как бөйрөктүн тушу, деп, / Карчыттан кара кан а…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ “Жоо айаган жаралуу, / Катыны калат каралуу” / Этинде найза тагы бар, / Өлбөсө да жаралуу, / Угушумча Сулаймат, / Укмуштуу капыр чамалуу, / Кербендерден келтирип, / Карадөөгө бердирип, / Өзүнүн элин айардап, / Жатканын көрчү мына бу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Калдуубет менен Коромжу, / Карсылдашкан түндөрдө, / Он миңден ашык өлүптүр, / Коромжунун адамы, / Жыйырма беш миң чамалуу, / Улугунан айрылып, / Жүрөктөрү жаралуу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Кошко киргенибиз көп болгону менен айдаган жерибиз чамалуу.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →