чамалаш1

китептерде 29 жолу, 7 китепте
  1. Бирдей дээрлик, тең чамалуу, барабар, катарлаш, жакын.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыш-кыштооңор аралаш, / Жай-жайлооңор чамалаш, / Жайы-кышы бөлүнбөй, / Жүрөсүңөр чамалаш, / Кымыз ичип козу жеп, / Санаасы жакын кадырнас, / Ирегең бирге эл элең, / Илгеркидей болсоңор, / Бекбача мында не келем, / Кырдуусуп Таңгыт кетпесең, / Кемсинип кыргыз калбаса, / Ким келет сенин айлыңа? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Корооңдо жүрдүм аралаш, / Коңшулаш болуп чамалаш, / Жайлоого чыксак бөлүнбөй, / Канатташ жүрдүк жамаалаш, / Шаар ичине келгенде, / Күн-түнү жок аралаш, / Кайгыда өтүп баратат, / Картайып кеттим кайран баш! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кыйалында Жакып бай: / “Кыргыз менен чамалаш, / Акбалта менен караандаш, / Казак менен аралаш, / Чогулуша консом, — деп, / Жакшы-жаман күн болсо, / Чогуу бирге болсом, — деп, / Жөн жатпайт уулум Манас, — деп, / Чоңойуп бойго толсо,” – деп, / Ойлонгон кеби бай Жакып, / Чыңгышка барып арыз айтып, / Тилегине жетиптир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ак калпак кыргыз элинде, / Улуу-кичүү, кары-жаш, / Эркек-айал аралаш, / Боз улан-кыз чамалаш, / Болбосо булар санаалаш, / Баарың калдың кайыр-кош! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Манжу менен чамалаш, / Анжу менен аралаш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →