чамала
- Чамасын болжоо, болжолдоо.
- Жакындоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…алган кыргызга, / Түйшүктү мыктап салам” — деп, / Бадакшан менен Балыктын, / Арасынан качканда, / Оогандын элин аралап, / Үргөнчтөгү кыргыздын, / Абалын байкап чамалап, / Памирдин тоосун кыдырып, / Күңгөйү менен сыдырып, / Кешмирге жете барыптыр, / Кара нээт Калдыктын, / Шайтаны кармай калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Титинбей тиги душманга, / Кирип кетсе аралап, / Угармын элден чамалап, / Жаманчылык күн болсо, / Тирүү кантип калайын!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кеч кирип калган кез эле, / Күн батып кайра жанышты, / Саламатка Кененим, / Мана мундай айтышы: / — Алдында бардың, Саламат, / Ачакан сырын алгансың, / Бар амалын чамалап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Качар жагын ыктайлап, / Бетке алар жагын чамалап, / Кулжа калды аргалап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тапак, бардың жашыл жээк, / Көрүп келдим чамалап, / Ошол жердин эли көп, / Зыйаны жок, пайда бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →