чама2

китептерде 84 жолу, 10 китепте чама 1 →
  1. Чайдын кайнатылып, даамы чыгып бүткөндөн кийинки калдыгы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сабы калды Сазанда, / Белинен сынып бул найза, / Учу асманга атканы, / Колунда калган сап менен, / Күүлөп келип бадирек / Чамакташты чапканы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Карап турса аныктап, / Жердин бетин көл толкуп, / Келаткансып суу каптап, / Кылт этип кыйал бурулса, / Кетчүдөй көрүнөт, / Кызыл кыйан сел каптап, / Жүрөгү күйүп кызыл чок, / Кыймыл этээр чама жок, / Кара бойу бүт какшап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Бел кармашып эки эр, / Нар буурадай жөөлөшүп, / Көөдөндөшүп калышып, / Орой кармап кемерден, / Балбан колун салышып, / Анткен менен дагы эле, / Чама жетпей, чарк келбей, / Булар турат тайышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бирден чыгып беттешип, / Келбесе анда чамабыз, / Амалды кайдан табабыз? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Өлтүргүчө буга биз, / Көрүнө кордук салалы / Кечирин кесип алалы, / Куу далы кылып салалы, / Деп, ошентип хан Кыйаз, / Туруп алды, айла жок, / Гүлчоронун Канчоро, / Башын кесер чама жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →