чалчык
- Токтоп калган ылай суу, булганч суу, чыла.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…, / Ал үчүн келдим өзүңө, / Карап калып Көкбөрү: / “Кененим менен Асылды, / Катары менен сойдум, – деп, / Мурунку өлгөн эрлердин, / Кун кубары болдум, — деп, / Чалчык элем, көл болдум, / Кокту элем, төр болдум, / Аз киши элем, көп болдум, / Учкун элем, өрт болдум, / Толкуган дайра сел болдум, / Тоо менен бүгүн тең болдум, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кептештен чыккан Чаткалда, / Карасуу чалчык саздаңда, / Мылтыктын үнү тарсылдап, / Кызыл жалын от чыкты, / Алоолонуп асманга, / Өлүмдөн коркпос баатырлар, / Айтылып калды дастанга, / Келе жаткан Бактыбай, / Желип чыкты капталга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Акпаган чалчык суу менен, / Жетип барды Лопнурга, / Жолборсуң келди жол баштап, / Жыйырма миңче кол баштап, / Таластан чыккан түн менен, / Бүгүн тогузу дегенде, / Жетип келди Лопнурга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айкандын уулу Көкбөрү, / — Менин атым Темиркөк, / Жылкыдан чыккан тердебес, / Чөлдө минсе шор дебес, / Кумда жүрсөң он күнү, / Чалчыктан тандап суу ичпес, / Ээрчип келген туйагым, / Койонаалы чунагым, / Өз атымды мингизип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чалчык кара суу келсе, / Чаңдаган кара шор болсо, / Күл төгүлгөн жер болсо, / Күртүлдөгөн шор болсо, / Токумун алып үстүнөн, / Токтоп Токоң оонатат, / Чөп чалдырбай качырга, / Нан жедирип баратат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →