чалмачы

китептерде 2 жолу
  1. Чалма ыргытууга, чалма салууга устат.
  2. Кыйын чала турган, жакшы чалуучу, чалганга шыктуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Коңурбай, Калча ошондо, / Айарларын жүгүртүп, / Боолукчусун бакырып, / Чалмачысын чакырып, / Калкынын чоңун келтирип, / Мына мындай кеп айтты, / Кеңешин ал жеткирип: / — Каршылашып биздин эл, / Эрегишпей эл менен, / Баш калкалап кутулсун, / Мына бу агып келген сел менен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чалмачы, торчу, жөө күлүк - / Жетимиш миң дүрдүгүп, / Толкуган күлдүй түрүлүп, / Токтоно калып сүрдүгүп, / Кайсы экенин билгисиз, / Кайра келет үйүлүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →