чалма2

китептерде 18 жолу, 5 китепте чалма 1 →
  1. Ыргытып илиндирип алуу жолу менен көбүнчө азоо малды кармоо үчүн колдонулуучу илмек аркан.
  2. Күрөштө чалуу ыгы, ыкмасы.
  3. Душманды, каршылашты жыгуу, колго түшүрүү үчүн жасалган аркан.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Салмоор урчуу камдуулар, / Бойу узун шаңдуулар, / Азоого чалма урчуулар, / Куш кармоочу торчулар, / Дайар болгун барыңар, / Баарың амал кылыңар! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Таштады чалма ар кайдан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айландырып чынарды, / Алда канча булгады, / Табы жеткен жерлерде, / Чалма тоолор кулады, / Курма тамдар урады, / Дарактын баары кыйрады, / Баш аламан сулады, / Чынардын күүсү учуруп, / Мени жарым күндүк алпарды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Алдында ашуу бел болсо, / Ак чалмалуу жер болсо. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Ормонунан от койуп, / Чийки орбодум буудайын, / Коло менен чалмадан, / Колу менен жасаган, / Карабадым кудайын, / Аралап малым кеткен жок, / Шекер кылчу куурайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →