чалкы

китептерде 15 жолу, 5 китепте
  1. Толкугансып көйкөлүү, ойкупкайкып көрүнүү, кең болуп жайылып жатуу (көл, жер ж.б.) Чалкыган көлдөн жай алган, Куулардан козгоп сайрады (Тоголок Молдо).
  2. Эргүү, толкундоо, ташкындоо, ашып-ташуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Суудай чалкып май агып, / Касиеттүү нечен бай, / Чаначтай болуп чардайып, / Он эки ором элечек, / Оң чекеде кыйшайып, / Олтурат кемпир чалкайып, / Башында кундуз тебетей, / Кыздар басып суйкайып, / Жоодурап көздөн шам жарып, / Келиндер турат суйсалып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Какшымак элек соолуп, деп, / Жер-сууңду соруп, деп, / Дүрүлдөп чалкый бергин, — деп, / Көлгө айтканы дагы бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алмамбет мындай ойлонуп, / Чалкып жаткан көл болуп, / Бузулуп ичи турганда, / Күн шашке кезинде, / Баскалы турган нээтинде, / Токтор менен Чайаны, / Токтолбой жетип барганы, / Муну айта салганы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
макулук / Калбай баары бүт ыйлап, / Кайың терек, тал ыйлап, / Заңгыраган тоо ыйлап, / Асман тиреп бой керген, / Арсак Алатоо ыйлап, / Аккан дайра суу ыйлап, / Чалкып жаткан көл ыйлап, Какшып жаткан чөл ыйлап, / Чалкалап жаткан төр ыйлап, / Мазар булак саз ыйлап, / Чыдап жерге жата албай, / Азырет арбак баары ыйлап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…/ Калың токой жер менен, / Толкуну катуу сел менен, / Токойу калың жер менен, / Томуктай жерде кара жок, / Аппак карлуу бел менен, / Чалкак-чалкак төр менен, / Чалкып жаткан көл менен, / Жакшына тулаң жер менен, / Жайнаган нечен гүл менен, / Кашташтай суу сагынып, / Чаңкап турган чөл менен, / Түн түшүнө кирбеген, / Түлкү жор… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →