чалкар
- Абдан чоң, мелтиреген, мемиреген.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Кыл куйругун шарт түйүп, / Небак Сыргак барыптыр, / Токтоно албай Жамгырчы, / Тогуз бээни түлөөгө, / Мойнокто арнап алыптыр: / “Самаркандын чоң деңиз, / Аккан чалкар көл эле, / Бойунда жүрүп мен жердеп, / Ар качан колдо дээр элем, / Кенендигиң, кеңдигиң, / Эр Манаска берерсиң: / Толкуганда бууланган, / Көргөндүн өңү кубарга…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чалкар-чалкар төрлөрү / Чалкалап жаткан коолору, / Киндик кесип кир жууган, / Кеңкол ата чоң Талас, / Көрө албай сени калдымбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Сайган багы саргайып, / Жалбырагы түшпөгөн, / Суу байлаган арыгы, / Чалкар дайра көл деген, / Эч биринде кеми жок, / Телегейи тең деген.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Атажуртка зор элең, / Акылда чалкар көл элең, / Саа келгели Айчүрөк, / Алты жыл болду болжолу, / Семетейден бойуна, / Келген болсо бу бала, / Кара башты үч жылы, / Карында сактап болобу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Дарыйа, чалкар көл урсун!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →