чалкан

китептерде 10 жолу, 4 китепте
  1. Жалбырактарында, сабагында денеге тийгенде тызылдатып чага турган түгү бар, отоо чөпкө кирүүчү өсүмдүк.
  2. өт. Чагып ала тургандай, уулуу, ийне менен сайып алгандай өткүр.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Койо берип аттарды, / Аркасынан салганбыз, / Чалкандуунун бойунда, / Атты эсепке алганбыз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…, Мадана, / Баралбасаң Шоорукка, / Эңиш тартып баса бер, / Кыргыз эли өтө кең, / Утуру келген кыргыздын, / Эшигин коркпой ача бер, / Жайлуу жерге кез келсең, / Чалкаңдан түшүп жата бер, / Бизден укса кабарды, / Кош аттап киши чаптырып, / Алдырып кетер Чигитей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…уу ыргайы, / Чыккан чөбү бүт дары, / Аркар оту, мамыры, / Арбын чөптүн тамыры, / Шыралжын менен бозунач, / Кокон менен сүт тикен, / Кан аккан жерди бүтүргөн, / Чалкан куурай бирсалар, / Шишикке дары табылбай, / Өпкө оорунун дарысы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Мен кырдан жүгүрүп алдымда бир кабакка кире берген жерде түсүнө катуу коркунуч белгиси кирип, көзү чакырайып калың чалканга жаңы тыгылып жаткан бирөө мага: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Биз чалкандын арасынан туруп алып үйдү карай жүрдүк. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →