чалкала

китептерде 67 жолу, 9 китепте
  1. Көкүрөгүн кере артын көздөй ийилүү, чалка жагына кериле кайкалоо.
  2. Кайкалай тартып көрүнүү, заңкайып бийик, керилген көрүнүштө болуу.
  3. өт. Чиренүү, бой көтөрүү, менменсинүү, көтөрүлүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…оң, / Эч нерсени элебей, / Эр Бекбача жолборсту, / Бучкагына теңебей, / Бекбачаны баш кылып, / Кетемин деп талкалап, / Кереге таштай кеңкейип, / Көөдөндө керип чалкалап, / Найзасын күүлөп булгалап, / Манжулап Бодоң бакырып, / Кирип келди кысталак, / Бекбачаны качырып, / Бекбачаны карасаң, / Ак мейкин зоодой зымылдап, / Асманда… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Түшүндө түндө көрбөсө, / Көзү менен ким көрсүн, / Башы жети, айак бир, / Чалкалап жаткан төр кандай, / Чулук-чулук көл кандай, / Чуркурап жаткан көлүндө, / Өрдөк, чүрөк, каз кандай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Арсак ташка таш койуп, / Шыйрагын кайрып өткөрүп, / Милтесине от берип, / Ооз отунун дарысын, / Бармак менен талкалап, / Арта салып кобурдан, / Тиктеп жатты чалкалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чалкалаган төр калды, / Чатыраган көл калды, / Суусуз нечен чөл калды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бара түшүп чалкалап, күндү карап коюп, калпагын ошол жакка баса кийип, чанжыны кыйкаңдатып, бир-эки шилтеп алат да: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →