чалкак
- Кеңири, кериле созулуп жаткан айдөөш жер.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ат байгесин алышып, / Жандай чаап канчасы, / Соогат сурап жанашып, / Ырчылар ырдап жабырап, / Ат менен ээсин жамактап, / Ар экөөнү тең мактап, / Чирене тээп кайкайып, / Кирип келет жалтактап, / Ырчынын антип жүргөнү, / Азын оолак мал тапмак, / Ат ээсинин көөдөнү, / Чыга түшөт чалкактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ортосу агын суу экен, / Тоонун башы карагай, / Өзөндө кайың, талы бар, / Бөксөсү четин, сап ыргай, / Арчанын жыты аңкыган, / Жасанган кыздай келбети, / Нечен тоолор заңкайган, / Чалкак-чалкак төрлөрү, / Чатырап нечен көлдөрү, / Бу жерге келген кыргыздар, / Мындай жерди көрбөдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эчен артуу бел калды, / Чалкак-чалкак төр калды, / Будурмак кара тоо калды, / Бурулган эчен коо калды, / Жайылып жаткан түз калды, / Жаркыраган суу калды, / Чалкалаган бел калды, / Токойу калың чер…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кооп басты талтактап, / Бооз катындай чалкактап, / Атын алып токутту, / Эмгичекти аттанмак, / Шашып келген ишим бу, / Ушул ишти элге айтмак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
…Калдырак таштуу зоо менен, / Калың токой жер менен, / Толкуну катуу сел менен, / Токойу калың жер менен, / Томуктай жерде кара жок, / Аппак карлуу бел менен, / Чалкак-чалкак төр менен, / Чалкып жаткан көл менен, / Жакшына тулаң жер менен, / Жайнаган нечен гүл менен, / Кашташтай суу сагынып, / Чаңкап турган чөл менен, / Түн түшүнө к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →