чалкай
- Көкүрөгүн бир аз көтөрө аркасын көздөй ийиле отуруу, бир аз чалкалай түшүү.
- Кенен, бир аз чалкак тартуу, жогору жагы кериле жыйылыңкы тартуу.
- өт. Көтөрүлүү, кекирейүү, бой көтөрүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жым-жым этип зымырап, / Зоо болуптур Бекбача, / Кара кулка кабылан, / Шер болуптур Бекбача, / Чалкайган жайлоо төрүндөй, / Кең болуптур Бекбача, / Кекенишкен ким болсо, / Кем болуптур Бекбача, / Аркадан шамал айдаган, / Кебездей булут тараган, / Жел болуптур Бекбача.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ойго алып көп санаа, / Баса минип жөнөдү, / Буудан күлүк Сур атка, / Табына келген Сур атын, / Аркасында чаң калып, / Артуу нечен бел калып, / Чалкайган нечен төр калып, / Аккан канча суу калып, / Кетип барат Суркойон, / Кара көөдөн бууланып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эр жагында тактыда, / Кебезден бүткөн башкача, / Тоодой болгон Эр Төштүк, / Олтурган экен чалкайа, / Саламдашып көрүшүп, / Колдун учун өбүшүп, / Эсен-соосун сурашып, / Төрдөн орун көрсөтүп, / Өзүңүз мурда өт, дешип, / Сен, мен деген сенек сөз, / Сиз, биз сө…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кеңколдун башы жети төр, / Адырмак сонун жерин көр, / Чалкалап жаткан төрүн көр, / Чалкайып жаткан төшүн көр, / Шамал болсо ыргалган, / Кулпурган түрдүү чөбүн көр, / Төрлөрүм, калдың кайыр-кош!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Семетейге жиберип, / Сырына анын кансам” — деп, / Алгара менен чайпалып, / Каспанда жаткан залкайып, / Келе жатат Коңурбай / Кербезденип чалкайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →