чалдык

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Кабылуу, кириптер болуу, туш келүү.
  2. Бир аз чалына түшүү, дуушар болуу.
  3. Көрүнүү, көрүнүп калуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…н Турумбек, / Салгылашып жатканда, / Дабырап аттын табышы, / Жакын жерден угулуп, / Ким экенин билем деп, / Каракөз карап бурулуп, / Маңгыттардын хан Калдык, / Чалдыкты көзгө урунуп, / Каракөздүн жүрөгү / Кете жазды суурулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…уран чакырып, / Жеткен жерде Бактыбай, / Моңгулардын Калдаңды, / Кара кытай Кампалаң, / Катар сайды сулатып, / Манас деген үндү угуп, / Бекбача артын караса, / Чалдыга түштү көзүнө, / Көп аскердин ичинде, / Бактыбайдын караны. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Айан болуп өзүңө, / Чалдыгып калса көзүңө, / Жолун торой атып бак, / Бизден качса сиз жакка, / Сизден кетип кутулса, / Кутулбас калдык куйага. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чалгынды чалсак, бир чалдык, / Чалышкан жоого бир бардык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Кан күндөн күнгө саргайып, акыры чоң ооруга чалдыгат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →