чалдыбар

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Кандайдыр бир бүтүн нерсенин кыйрап, бүлүнгөндөгүсү, кыйрап бүлүнгөн калдыгы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Атбашыда Бактыбай, / Кабар айтып чапкылап, / Чалдыбарда коргондо, / Кошойдон калган ордодо, / Жаткан экен Бактыбай, / Эч немеден кам кылбай, / Алды-арты болуп ээрчишип, / Эки киши келиптир, / Душман келип калды, деп, / Айтып кабар бериптир, / Келген душман кайсы элден, / Анык дайнын билбептир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ордосунда Бактыбай, / Чалдыбарды коргондо, / Жаткан экен ошондо. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эт көйнөк кылып кийерге, / Эбин тапса бөз алган, / Кошой дөө коргон салган жер, / Чалдыбар деген ат калган, / Коргонго Кошой алып барды, / Корголбой түшүп калганы, / Түк кишиге туйгузбай, / Тогуз түнү жатканы, / Токсонду сойуп түлөөгө, / Күндө күлүк … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →