чалды-куйду
- Баш аламан, белгилүү бир иретке салынбаган, тартипке келтирилбеген, быт-чыт, дайны табылбаган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Карбаластап калдаңдап, / Ит куугандай барбаңдап, / Өзүнүн бойун жыйнабай, / Этектери далбаңдап, / Эки буту салбаңдап, / Эки жеңи балбаңдап, / Өкүрүгүн басалбай, / Жумулган көзүн ачалбай, / Чалды-куйду түшүрүп, / Сөзүн жакшы айталбай, / Коркуп калган кези экен, / Кара жанын каталбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →