чалгынчы
- Чалгынга чыгып, маалыматтар алып кайтуучу, чалгындап билүүчү, чалгын жүргүзүүчү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыр арка биздин Алмамбет, / Байкап баарын көрөдү, / Бабырашып төрт баатыр, / Бастырып жолго жөнөдү, / Мунун мындай таштайлы, / Чалгынчылар жетишкен, / Ийгиликтен баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…п, / Бугуп туруп эр сайган, / Абийири жок журт — деп, / Коймочусу чыгат — деп, / Кокустан сайып чыгат — деп, / Кабуусуна келтирсе, / Бөөдө майып кылат — деп, / Чалгынчыга чалдырып, / Чаңга,Жолой, жыгылсаң, / Калгандарга уйат, — деп, / Хан Коңур айтты канча кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жайлоодон кайра жанарда, / Чалгынчы болуп мен бардым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →