чалгын3
- Душман жөнүндө же кандайдыр атайын бир башка маалыматтарды билүү максатында жүргүзүлгөн изилдөө, байкоо аракети.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тааныды Калдык аныктап, / Дордоно минип Лопнурга, / Чалгынга кеткен кара атты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кытайлардын адамы, / Арбын болот амалы, / Кытмыр Коңур сыйкырлап, / Укмуш кылып салганбы, / Башка жолдоп баралы, / Анан чалгын салалы, - / Башынан билбес кишиче, / Башка жакка бурулуп, / Бастырып Алмаң калганы, / Киши көрүп койот, деп, / Эр Чубакты Алмамбет, / Бир шаштырып салганы, / К…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…лгү, / Канаттуунун Жалгызек, / Таанып билген иш эле, / Карап көрсө Жалгызек, / Он эки сыны бар экен, / Эки жаккы мүрүдө, / Эшилген ак кыл салаңдап, / Эки канат чалгыны, / Качырдан бетер ак экен, / Сегиз колдо барабар, / Жетиден көңөө так экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жолдон кабар алам — деп, / Жоодон чалгын чалам — деп, / Тулпарын сурап, мен алдым, / Туралбай жолго мен салдым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Сомбилек жаткан чоң жыгач, / Ар шагына ар түрдүү / Канаттуулар уйалап, / Тегерек канат болгондо, / Балапандар эсирип, / Чалгындарын кайчылап, / Алды калды жетилип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →