чала
- Толук эмес, аягына чейин эмес, жетиле элек, анчалык эмес.
- Ырас болуптур, «бу да аздык кылат» деген мааниде табалоо иретинде колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Баш кошоор жери алтоонун, / Чоң Таластын талаасы, / Жеңип алчу душманы, / Шер Манастын баласы, / Эми келип кырылат, / Мурун калып чаласы, / Таласка бутун малдырбайт, / Кененимдин санаасы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ар акчан, калмак, катынча, / Амал кылып багасың, / Анткен менен амалга, / Жетик эмес чаласың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Абаң Бакай баштаган, / Ажырап калып жүрбөйлү, / Кыргыл баштап кыркынан, / Дайарданып сен бешөөң, / Асманда учкан чымчыктан, / Жерде жүргөн Коңурдан, / Бирөөнү чала кармабай, / Көзүңдү ачып байкасаң, / Деп ошентип Алмамбет, / Болду толук айтып кеп, / Байкастоого кууларды, / Белгиледи буларды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жолдон кабар алам — деп, / Жоодон чалгын чалам — деп, / Тулпарын сурап, мен алдым, / Туралбай жолго мен салдым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Катыны уйду саап коюп, үйүнө кетип баратып, мени көрүп, чала бурула калды да:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →