чакырым
- Кишинин кыйкырганда үнү жетерлик аралык өлчөмү.
- эск. Болжол менен бир километр чамасындагы аралык чени.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Үн чакырым жерлерге, / Кайгуулчу койгон чабуулга, / Кароолчу кабар алганы, / Калдыкка айтып барганы, / Капкачандан бер жакка, / Камданып жаткан эмеспи, / Элден алган өнөрүн, / Бирден ичке салганы, / Бирди өнөрү Калдыктын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Жалгыз гана Каркырадан отуз чакырымдай бери, Кызыл-Кыядан ары — Кутурган булакта «почточу Метирей» деген чоң көпөс бар.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бул — Ак-Суудан элүү чакырымдай бери бир казак орустун шаары.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Биз койду айдап эки чакырымдай жол басканда таң атты.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Күндөрдүн биринде бир чоң соодагер келип, ордонун туурасында бир-эки чакырым алыстыкта түнөп калышат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →