чакырай
- Көздү акырайта чоң ачуу, көздү алайтып, акырая кароо, тигиле тиктөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Аңгычакты байагы, / Акбалтанын Чубагы, / Акырайып калыптыр, / Кайкыдан көзүн айрыбай, / Качан атат калмак, деп, / Чакырайып калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
— деп мени төшкө түртүп алып, көзү чакырая .түшүп: — Каскыр улып жатыр,— деди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Мен кырдан жүгүрүп алдымда бир кабакка кире берген жерде түсүнө катуу коркунуч белгиси кирип, көзү чакырайып калың чалканга жаңы тыгылып жаткан бирөө мага:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →