чакыр

китептерде 741 жолу, 10 китепте
  1. Бир жерге келүүгө же барууга сунуш кылуу, сунуш кылып айтуу.
  2. Уюштуруу.
  3. Үндөө.
  4. Үн катуу, үн салуу, кыйкыруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сегиз хан элин чакырып, / Аскер жыйнап жам кылып, / Тегеректеп кыргызды, / Алабы деп кар кылып, / Баралы бирге дегенбиз, / Бадакшанга чогулуп, / Аңгычакты Каракөз, / Бактыбайга катышып, / Бейкут жаткан кыргыздын, / Баарына кабар угузуп, / Катын алды Жасанды, / Калкын кылды каранды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Аскерин сапка тизилтип, / Барабанын кактырып, / Сурнайларын тарттырып, / Дабытайды караса, / Жөө аскерге көтөртүп, / Бар сөөлөтүн көрсөтүп, / Келип турду майданга, / Кененим деп бакырып, / Кебимди ук деп чакырып: / — Мен Дабытай улукмун, / Сенин алың ошобу, / Жалгыз башың турушуң? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Чакырып келип Сынчыны: / — Калк башкарган сен, — деди, / Кана, кайда ат? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кабар берген калкына / Аттуу баштуу жалпыга, / Миңден ашык эл келди, / Кары-жашы тең келди, / Чакыртып келди Керменбай, / Кептин жайын билгендин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Хан вазирди өзүнө чакырып: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →