чакылда
- Чак-чак эткен дабыш чыгуу, чак-чак эткен дабыш чыгаруу.
- Чак-чак эткен дабыш чыгарып сайроо, шакылыктоо.
- өт. Тартынбоо, тартынбай, үндү бек-бек чыгарып сүйлөө, такылдап сүйлөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жорго салып мөөрөйгө, / Кообузчу жорголор, / Кандай сонун көрөргө, / Төрт айагы такылдап, / Арка буттун туйагы, / Үзөңгүгө чакылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…/ Томолотуп өттү эле, / Мен- мен деген жетөөнү, / Жыйырма үч балбан илегер, / Баары мыкты кеменгер, / Карсылдашып кагышып, / Каарданып чабышып, / Төбөдө чокмор чакылдап, / Көөдөндө найза такылдап, / Тегеректеп келгенде, / Тентек тууган Кененим, / Кайра жаачу булуттай, / Кабагы катуу чүмкөнүп, / Каз таман найза карманып, / Мана…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Күн чакылдатып чаңкайып, / Чубактын аты Көктеке, / Темир тоодой залкайып, / Үстүндө Чубак олтурат, / Аскалуу зоодой калкайып!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Калканга найза такылдап, / Туулгага балта чакылдап, / Баш аламан урушта, / Баатырлар үнү бакылдап, / Тоо жаңырып заңкылдап, / Жана эки күн салышып, / Чыдаштык кылып тура албай, / Гүлчоро калды шалактап, / Алтай…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Мындан башка жумушка кирүүнүн ордуна элдин көбү жоого аттанчуудай ат жаратып минип, ээр токумун жабдып, айбалта, найза жасатып, күн-тун дебей чакылдатып, усталарды узантып жаткан сыяктуу.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →