чакчыгай
- Ар кандай жаныбарлардын үнүндөй үн чыгара алууга (сайрай алууга) жөндөмдүү кичинекей боз чымчык.
- өт. Тапан, такылдак.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кайрыдиндин кеңешин, / Чоң Таластын айбаны, / Айтып жатат чуулдашып: / Сагызганы шакылдап, / Чакчыгайлар чакылдап, / Канатын кагып суу чачып, / Каздар айтып каркылдап, / Ителги менен ылаачын, / Жарыша сүйлөп баркылдап, / Жарды бойлоп кыдырып, / Аңыр айтып аңкылдап…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бекбача келсе жакындап, / Ээң келди дегенсип, / Чакчыгайлар чакылдап, / Качандан бери томсоруп, / Дымбырдым жаткан сары сай, / Закым учуп закылдап, / Жан үзө элек жаткандай / Жумулбай көзү жалтылдап, / Болбосо Калдык көздөрүн, / Чукуп алган олойтуп, / Кулагы калган темирдей, / Керилип турат калдайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кумсар сыйкыр кырылдап, / Чакчыгайдай быжылдап: / — Сейитке найза кактырдым, / Сен кактырган найзага, / Отуз алты аскерди, / Дым тарткызбай жаткырдың, / Кылчайып карап биз жакты, / Найза бер, деп шаштырдың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Байчечекей түрдөнүп, / Жердин бети гүл жайнап, / Тили каткан чакчыгай, / Тили чыгып чакылдап, / Шашкеде төрөлгөн, / Чыныкеден башка жан, / Баланын жүзүн көрбөгөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…дап, / Бийиктен учуп кажырлар, / Тарп карашып далпылдап, / Алдында кузгун түшүптүр, / Кекиртеги таркылдап, / Айры куйрук кулаалы, / Ар жерде жүрөт салпылдап, / Чакчыгайлар чакылдап, / Көргөнүн туурап такылдап, / Талдан талга секирип, / Сагызганы шакылдап, / Желип жүрөт карышкыр, / Оозун ачып акылдап, / Кыргыйек учуп жем үчүн, / Ж…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →