чакчелекей

китептерде 15 жолу, 8 китепте
  1. Тартипсиз, иретсиз баш аламан, кымгуут, чаң-тополоң.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чакчелекей будуң-чаң, / Болуп калат арасы, / Уссундардын жанынан, / Ушундайча кеп угуп, / Анык акыл экен деп, / Атты карап калышты, / Чапкан ат келе жатат, деп, / Аттан кабар алышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чамасы кетип, так чарчап, / Чакчелекей ал Көкөй, / Баласынын сандыгын, / Барып ачып карады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
Буудайык хандын Музбурчак, / Муруту келген бир кучак, / Ак жал жылан тору атчан, / Айгай салып алыстан, / Алдына утур киргенди, / Чакчелекей түшүрүп, / Сапырып жүргөн чагында, / Мурадил келип туш болду, / Кайраты толук карыйа, / Капталдан ары бир койду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Келатканын карасаң, / Чакчелекей – будуң чаң, / Жер жарылат тумандан, / Асманды карай созулуп, / Аркасынан топурак, / Жөө тумандай уйулгуп, / Күндүн нурун далдалап, / Боз топурак буруксуп, / Казаптанган бул чочко, / Бала жолборс беренден, / Ардангандан чыдабай, / Аты-жөнүн сурабай, / Айабай жанын үрөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Кайта мен да ичимден ошолордун келишин тилеген кишидей алар келсе ушул көңүлсүз, сур өмүрдүн жымжырттыгы чакчелекей бузулуп, өзүм эки таалай жолдун бирине түшүүчүдөй болуп, алда кандай бир белгисиздикке көңүлүм толкунданат... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →