чакчаңда
- Чакыраңдоо, көздү чакырайтуу, көздү акырайтуу, акыраңдоо.
- Акыраңдаган, менменсинген, алабармандаган мамиле кылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Этегин кайра түрүнүп, / Эки колго түкүрүп, / Кара көздөн от жанып, / Башында чачы саксаңдап, / Кутурган иттей чакчаңдап, / Дык тийбеген бетине, / Адамдан суук түрү бар, / Эки беттин ортодо, / Беш байпактык жүнү бар, / Күүгүмдөгү устадай, / Күүгүмдөп бети жылтылдап, / Ат миништи билбеген, / Жөө жүрүүчү кызталак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Какжаңдаган кары жок, / Чакчаңдаган жашы жок, / Мас болгону дагы жок, / Падышасы ким экен?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ккы жанында, / Он бештен отуз кулжа бар, / Дердеңдешип келайткан, / Эки бутта эки чөө, / Каткырышып барайткан; / Кара чаар жуп жолборс, / Куйруктары чагарак, / Чакчаңдашып баратат; / Жоондугу аттын белиндей, / Сырты кара ажыдаар, / Алдына кирип алыптыр, / Аркасында неме жок, / Аттын чаңы калыптыр; / Төбөсүндө кара каз, / Үнү угул…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
чачып, / Кубулжуган шумпай кыз, / Кырктан ашкан кары кыз, / (Тапан хандын көзүнө, / Мындай сулуу табылгыс), / Какжаңдаган Тапан хан, / Карыган кой көздөнүп, / Чакчаңдаган Тапан хан, / Дык тийбеген бетине, / Саксаңдаган Тапан хан, / Карыганын билбей көйрөңсүп, / Дакдаңдаган Тапан хан, / Кылжыңдап мойун токтобой, / Бакжаңдаган Тап…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Айрыкча турат эсимде, / Кармагының буура, деп, / Чуркагының турба, деп, / Чакчаңдап камчы чапканың, / Өз ордума жаткырбай, / Ороого айдап таштадың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →