чакчай

китептерде 30 жолу, 8 китепте
  1. Көзү тостоё чыгып чакырайып көрүнүү.
  2. Абдан зарыгуу, тажап, узак күтүү.
  3. Уктабоо, уйкусу качуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жутуп ийчү немедей, / Эки көзү чакчайып, / Албаган сакал-муруту, / Кокодой болуп бак жайып, / Айтып турду Медеркан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Азизхандын Алмамбет, / Тил байланып унчукпай, / Жалдырап тиктеп дудуктай, / Аш бышымда каржалды, / Улутунуп токтобой, / Тутамдап сакал кармады, / Оозунан чыккан көк түтүн, / Булутту айдап аңтарып, / Асманды тиктеп чакчайып, / Ооз ачкан пенде жок болду, / Ошонго дейре үн салып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Конушбайдан кеп угуп, / Сен доңузсуң деп угуп, / Куткарбас айтты оолугуп: / — Сен Тапан хан саксайып, / Карыган койдой чакчайып, / Алдыма келип арз айтып, / Шумурайды жиберип, / Көөн айнытар дарт айтып, / Башка бүлүк салдыңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
көзү тиктенип, / Тиштерин чайнап качырап, / Жоолук салбай жылаңбаш, / Чачтары түйдөк саксаңдап, / Күлүп калат ырсайып, / Тили чыгып бултайып, / Асманды тиктеп чакчайып, / Бир жакка мойну кыйшайып, / Аркасын карап кылчайып, / “Акыр-чикир келгин! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Балапан күнгө кактанып, / Канатын тарап чакчайып, / Кагынып кайтып түзөнүп, / Дүмдүйсө жүнү саксайып, / Учуп кетти бир күнү, / Көкүрөк керип төш жайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →