чакча

китептерде 14 жолу, 5 китепте
  1. Жанга алып жүрүүгө ылайыкталып мүйүздөн, металлдан жасалган салгыч, насыбай салууга колдонулган кичинекей куту.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Салгылашып Чакмакташ, / Чакчалекей будуң чаң, / Болуп жаткан кезинде, / Өмүрхандын Кызылкыз, / Көйкапка барып келатып, / Көрүп калып асмандан, / Кыз супатын таштады, / Эркекче кийе баштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чабарчы кабар салыптыр, / Чакчалекей-будуңчаң, / Кыргыз дүрбөп калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ы шалкылдап, / Эркегинде айалча, / Көнөктөй эмчек балкылдап, / Мас болгон буура сыйагы, / Тамандары тапылдап, / Кудай бетин салбасын, / Айтып бүткүс айбатын, / Чакчалекей будуң-чаң, / Аркада чаңы жөө туман, / Оогандын эли каптады, / Ошону көрүп Алмамбет, / Мына бу болду айтканы: / — Кыргыл баштап онуң кал, / Абакемди сактап ал, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Насбай салып чакчага, / Алып келип он убак, / Олтурганда маңдайга, / Насбайга көзүн салбады, / Чакчаны колго албады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Бар болгону — бир аяк жарма ичип, Элебестин чакчасын сурап, насыбай тартууга гана үлгүрдү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →