чакмак2

китептерде 138 жолу, 6 китепте чакмак 1 →
  1. Төрт чарчы, төрт чарчы формалуу, торчо түрүндөгү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Душмандын малы ар качан, / Душмандыгын кылат деп, / Чакмакташтын тулпарын, / Башын чаап таштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…жаркылдап, / Качырышты бул экөө, / Күн бүркөлүп карарып, / Кара нөшөр күн куйуп, / Мойну ылдый суу агып, / Тиктеген кирпик ирмелбей, / Күн карсылдап чагылып, / Чакмак чагып жаткандай, / Жер силкинип калчылдап, / Чарт айрылып аткандай, / Тоо козголуп калтылдап, / Таштар кулап жаткандай, / Көл чайкалып дүрүлдөп, / Кургак жерди… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бет алдынан караса, / Көзүнөн жалын учкундап, / Чакмак таштай жылтылдап, / Майлаган буудай жүздөнөт, / Күүгүм туман көздөнөт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кундуздай жүнү жылтылдап, / Кулжадай башы кылтылдап, / Төрт айактан чыккан от, / Чакмак таштай жылтылдап, / Аткан таңдай суурулуп, / Аркардай таңы көрүнүп, / Урду десе таш эмес, / Учту десе куш эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…у, моңгул элдери, / Кол жыйылмак коргонго, / Айтмакчы элге болучу, / Камы бүткөн болжолдо, / Кыргызга барып катышмак, / Кызыл канды агызып, / Таласты барып бир чакмак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →