чакан

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Чак, туура келе тургандай, өзүнө жетишерлик.
  2. Анчалык чоң эмес, кичирээк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кийигинде оп-окшош, / Кыргыл баштап кырк жолборс, / Баары келди чогулуп, / Олтурушат койулуп, / Тандап туудан сойдуруп, / Кымызга балдан коштуруп, / Дасторкондун үстүнө, / Ар түрдүүдөн толтуруп, / Куурдак менен май койуп, / Килтилдеген жал койуп, / Алтындан чакан чөйчөккө, / Каадасы менен чай куйуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сарайын чакан салдырып, / Көргөндүн көзүн талдырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Жанында кылыч жаркылдап, / Алаңкер жаа сур жебе, / Оң жагында жалтылдап, / Башында чакан бөркү бар, / Жаркыны күнгө тартылат, / Башында жабар дөңсөө таш, / Падышадан башкага, / Баркы болбой курган таш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Чамалап айтканда беш жүздөй түтүнү бар чакан гана бир шаар. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →