чака3
- Чакап кетүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көөдөнгө найза така-так, / Туулгага балта чака-чак, / Айкырган үнү жаңырат, / Баатырлардын бака-бак, / Обону карай созулат, / Жерден чыккан топурак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Балта менен башка чаап, / Үн угулат бака-бак, / Доошу чыгат жарактын, / Кагылышып чака-чак, / Кулак тунуп мээ кайнайт, / Болуп жатат шака-шак, / Музда келе жаткандай, / Ат дабырты така-так, / Түгөтө кырып болдум, деп, / Эр Сейити караса, / Бири да өлбөң миң киши, / Баары турат сапа-сак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Аттан түшүп ажырап, / Сейитек бура тарткынча, / Жана минди шапа-шап, / Эрегишип көгөрүп, / Найзалары така-так, / Балталары чака-чак, / Баатырлар үнү бака-бак, / Кулак тунуп шака-шак, / Ат дабырты дүпүлдөп, / Жер козголуп дүкүлдөп, / Жер айрылып топо учуп, / Асманга чаң созулуп, / Так үч күн…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Оңтойуна келтирип, / Обу жок баатыр Гүлүстү, / Чокмор менен чака-чак, / Онду чаап жиберди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Кудукка чаканы салып суу алмакчы болгондо, кудуктун түбүндө жаткан баланы көрүп калышты.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →